БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузактагы шайлоого катышууга 11 талапкер арыз берди

Сузактагы шайлоого катышууга 11 талапкер арыз берди

Сүрөт интернеттен алынды

№13 Сузак округу боюнча шайлоого катышууга 11 адам арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 16-августка карата берген маалыматында айтылат. 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгусу келгендердин экөө аял. 

Алардын арыздарын кабыл алуу 22-августта, каттоо 2-сентябрга чейин аяктайт. Үгүт иштери 2-сентябрдан 21-сентябрдын таңына чейин жүргүзүлөт. 

Аталган округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга белгиленген.  Бул аймактан депутат Тазабек Икрамовду Боршайком өзү жазган арыздын негизинде 19-июлда мандатынан ажыраткан. 

Тазабек Икрамов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Сузак бир мандаттуу округунан шайланган. Парламентте "Элдик" депутаттык тобунун, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү болгон. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында да "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен шайланган.

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей