БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузактан шайланган депутат Алтынбек Кылычбаев ант берди

Сузактан шайланган депутат Алтынбек Кылычбаев ант берди

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Сузактан шайланып келген жаңы депутат Алтынбек Кылычбаев бүгүн, 2-октябрда парламенттин жыйынында ант берди. Аны Борбордук шайлоо комиссиясы 30-сентябрда аталган округдан депутат катары каттоого алган. 

Кылычбаев Сузак округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 10 миң 174 добуш алып, жеңүүчү болгон. Аны менен чогуу ат салышкан Медербек Сапарбаев - 3280, Жыргалбек Сейдахматов - 2493, Мелисбек Кошалиев - 2435, Асилбек Арапбаев - 1351, Юлия Лилиенталь - 749 жана Бейшенбек Бегматов - 212 добуш жыйнаган. 

47 жаштагы Алтынбек Кылычбаев буга чейин "Жалал-Абад" саноториясынын директорунун орун басары болуп иштеген. Ал өзүнүн социалдык баракчасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эмгектенгенин да жазган. 2015-жылы "Республика Ата-Журт" партиясынын тизмесинде Жогорку Кеңешке шайлоого катышып, алдын ала жыйынтык боюнча мандат алмак. Бирок кийин өзү партиядан чыгып кеткен. Анын себебин деле түшүндүргөн эмес.

Бул аймактан депутат Тазабек Икрамовду Боршайком өзү жазган арыздын негизинде 19-июлда мандатынан ажыраткан. 

Автор: Осмонова Айдана > 645 статей