БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

T-Media 5 жашта. Эркин медиа эмнелерди көтөрдү?

T-Media 5 жашта. Эркин медиа эмнелерди көтөрдү?

T-Media

15-февралда "Т-Медианын" телеканал болуп түптөлгөнүнө беш жыл болду. Бул аралыкта редакция социалдык маселелерди, иликтөөлөрдү, фактчек жанрындагы виделорду жана кыргыз маданиятын, улуттук идеялогияны, диний сабаттуулукту жана үлгүлүү каармандарды чагылдырып келет. 

"Т-Медиа" аймактык медиа. Редакция социалдык маселелерди көп чагылдырат. Жарандык көзөмөл жүргүзөт. Анын тийиштүү жерлерге ыкчам жетип, батыл чечилсе деген максатты көздөйт. Телеканал катары түптөлгөндөн берки беш жыл аралыгында биздин команда жүзгө чукул түрдүү багыттагы журналисттик иликтөө жасады. Биз мыйзамсыз сатылган жерлерди, мамлекеттин энчисин уурдап алган жемкорлорду, өз милдетин аткарбай жаткан мамлекттик кызматкерлердин жүзүн ачууга аракет кылдык. 

Аймактардагы бузулган, жылдап курулуп бүтпөгөн мектептердин абалы, бала бакчалардын жетишсиздиги, алардын ашканасындагы балдарды уулаган махинациялар. Жылдап чечилбей келген Оштогу таза суу көйгөйү, жерлердин мыйзамсыз сатылганы, курулуштардагы мүчүлүштүктөр, коррупция белгилери. Биз беш жылдан бери мындай социалдык темаларды күн сайын даярдайбыз.

"Т-Медиа" кантип түптөлгөн?

"Т-Медиа" 2019-жылдын 15-февралында обого чыккан. Анын курамына телевидение ачылганга чейин «Жаш ФМ» радиосу, www. t-media.kg сайты жана Таиржан Турсуналиев атындагы медиа мектеби кирген. Андан бери бул тармактар Кыргызстандын түштүгүндө тездик менен жайылып, эки тараптуу жана ишенимдүү маалымат булагы аталып, алдыңкы медиа катары өнүгүү жолунда келе жатат.

Телеканал кайсыл бир атка минердин же саясатчынын телеканалы эмес. Бул медианы бир канча журналистер чогулуп устаты маркум Таиржан Турсуналиевдин атына коюшкан. Таиржан Турсуналиев аймактагы телеканалдардын өнүгүүсүнө өмүрүн арнаган инсан. Аны менен катар бир топ шакирттерди тарбиялап өстүргөн. Учурда алардын айрымдары аймактагы эркин жана мамлекеттик ММКларда, эл аралык медиаларда эмгектенип жүрүшөт.

Биз социалдык түйүндө

Салттуу медиадан тышкары биз социалдык тармактарда активдүү иштеп, материалдарыбызды жигердүү жайылтуудабыз. Аймакта бизде гана интернет-аудитория үчүн контентти чыгарган өзүнчө санариптик чыгарылыш бар. Бул басылма өз ишмердүүлүгүнүн алкагында, веб-сайт үчүн мультимедиа продуктуларынан тышкары, социалдык тармак үчүн иштелип чыккан материалдарды да жаратат.

Беш жыл ичинде социалдык тармактарда да чоң аудитория топтогонго жетиштик. Биздин сайтыбызга жарыяланган телепродукциядары, жаңылыктарды «Т-Медианын» социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жайгаштырып турабыз.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей