БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

1 млн доллар. Бабанов баш болгон демөөрчүлөр Таласта айыл өкмөттүн жаңы имаратын куруп беришти

1 млн доллар. Бабанов баш болгон демөөрчүлөр Таласта айыл өкмөттүн жаңы имаратын куруп беришти

Сүрөт: "Жогорку Кеңештин фейсбук баракчасынан"

Бүгүн, 28-ноябрда Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Демөөрчүлөр тарабынан 1 миллион доллардан ашык каражатка бүткөн имараттын ачылышына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин төрөгасы Нурланбек Шакиев жана экс-депутат Өмүрбек Бабанов катышты. 

 

Парламенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 780 чарчы метрди түзгөн имараттын курулушу үстүбүздөгү жылдын 1-июнунда башталган. Жергиликтүү басылмалар демөөрчүлөрдүн катарында Өмүрбек Бабанов да бар экенин жазышты. 

Камчыбек Ташиев имараттын ачылышында сүйлөп жатып, Кумтөр ишине байланыштуу 20га жакын мамлекеттик кызматкер жоопко тартылганын айтты. Мындан сырткары ал жоопко тартыла тургандардын арасында мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов болгонун да кошумчалады. Бирок анын кылмыш иши далилденбегендиктен жалгыз акталып чыккан адам болгонун белгиледи. Ошондой эле Бабанов жакында эле мамлекетке жардам иретинде 1 млрд сом бергенин кошумчалады. 

Атайын кызмат Өмүрбек Бабановду 2021-жылы 31-майда Кумтөр боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармаган. Андан соң Бабанов 2021-жылы 27-июлда ден соолугуна байланыштуу абактан бошотулуп, дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей