БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Таласта милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Таласта милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Талас райондук милициясынын аймактык тескөөчүсү "үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча текшерүүнү токтотуп бергени үчүн пара талап кылган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу 11-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кызматкер сураган акчасынын 20 миң сомун алгандан кийин кармалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Пара талап кылуу") менен кылмыш иши козголду. Шектүү Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды.

Эске салсак, 1-январдан тарта Кыргызстанда коррупцияга каршы жаңы мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, жемкорлукка шектелип кармалгандарга жаза күчөтүлүп, коррупциялык кылмыш боюнча соттолгондор мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштей албайт. Андай адамдардын жакындары, туугандары да ошол эле кызматтарга бара албайт.

Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" жана "Шалаакылык" беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт. Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деп сот жообуна тартылгандар белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, эки жылга чейинки мөөнөткө соттолот же мүлкү мамлекетке алынат. 

Автор: Т-Медиа > 392 макала