БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
УКМК төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди
Улутук коопсуздук мамлекеттик комтитетин жеткечиси Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди.
Маалымат жыйындын башталышында "Акылбек Үсөнбековичтей болуп отчет бергенге жетишпей калбайын деп берип жатам" деп тамашалаган. Ага "Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши менен салыкчылардын кармалышынын байланышы барбы?" деген суроо узатылган.
" Эми бир нерсеге байланышы бар үчүн кызматтан кетти да. Жөндөн-жөн кеткен жок да. Айтып атпаймынбы анын кетиши боюнча президент гана чечим кабыл алат, аны биз талкуулабайбыз", -деди УКМК төрагасы.
Акылбек Жапаров кызматтан кеткени 16-декбарда белгилүү болду. Президенттин маалымат кызматы ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу бошотулганын билдирди. Бирок азырынча анын кайсы кызматка барары айтыла элек.
Атайын кызмат 6-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын ошол кездеги төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалганын билдирген. Жетекчилердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталган. Алар Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 6-декабрдагы чечими менен 2025-жылдын 20-январына чейин камакка алынган.
Автор: Осмонова Айдана > 799 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat