БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кара-Суудагы "Манас" стадионун жыл аягына чейин оңдоо тапшырмасы берилди

Кара-Суудагы "Манас" стадионун жыл аягына чейин оңдоо тапшырмасы берилди

Сүрөт: президенттин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү

Кыргыз футбол биримдигинин президенти, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадионун ондоп-түзөө иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын берди.

Футбол биримдигинин кабарлашынча, 16-майда Ташиев "Манас" спорт комплексинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана шаардын тургундары менен жолукту. Анда аталган спорт комплекстин реконструкциясы боюнча эскиздик долбоор көрсөтүлгөн. 

Кыргызстандын футболду өнүктүрүү фонду стадиондун газон жана жарыктандыруу шам-чырактарын жаңылоого көмөктөшөт.

Буга чейин аталган стадионду оңдоого Кара-Суу районунун тургундарынан акча жыйналмай болгон. Калктан каражат жыйнап, оюн талааны оңдоо демилгеси район акими Темирболот Абыкеевден чыккан. Ага ылайык, райондогу 131 айылдан болжолдуу 20 млн сом топтолоору пландалган. Ал үчүн "Жаш күч" деген коомдук фонд түзүлгөн.  

Демилгеден соң айылдарга белгилүү сумма бөлүнүп, жашоочуларга милдеттүү берүү талабы коюлган учурлар кездешкен. Буга нааразы болгон жарандар социалдык тармактарга жазышкан. Андан кийин каражат жыйноо токтотулгандыгын район акиминин орун басары Улан Батыров маалымдаган. 

"Манас" стадиону 1960-жылы 4 миңге жакын көрүүчүгө ылайыкташып курулган. Салынгандан бери капиталык оңдоодон өтө элек.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей