БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ташиев: Көлбаевдин батирлери элге ипотекага берилет

Ташиев: Көлбаевдин батирлери элге ипотекага берилет

Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук коопсуздук мамлкеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык делип атайын кызмат тарабынан камакка алынган батирлер мамлекеттик компания аркылуу элге ипотекага берилерин айтты. Бул тууралуу ал Чүйдүн Панфилов районундагы УКМКнын жаңы имаратын ачып жатып, билдирди.

 

«Биз Көлбаевдин аялына, балдарына, туугандарына мыйзам бузбаса тийбейбиз. Мына аялы бир ресторанын, унаасын сурады, жан багыңыз деп бердик. Үч кызына үч батир бердик. жашагыла көчөдө калбашыңыр керек деп. Эки баласына эки батирин, эки жер аянтын кайтарып бердик», — деди ал.

Мындан сырткары Ташиев кримтөбөлдүн 100 миллиард сомдон ашык байлыгынын 20 миллиарды мамлекетке өткөнүн айтып, калганы да өтүп жатат деп кошумчалады. 

Эскерте кетсек, "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октябрь күнү жок кылынган. Операцияны УКМК жүргүзгөн.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей