БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тазабек Икрамов мандаты боюнча үн катты

Тазабек Икрамов мандаты боюнча үн катты

Тазабек Икрамов

Парламенттин мурдагы депутаты Тазабек Икрамов мандатын өз каалоосу менен тапшырганын билдирди. Ал 20-июлда социалдык түйүндөгү баракчасына аркылуу кайрылуу жасап, дайыма эл тарапта болгонун жазды.  

Экс-депутат шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, эл үчүн кыла турган кызматы алдыда экенин кошумчалады.

"Эң биринчи, эки жолу ишеним көргөзүп, шайлап берген N13 Сузак шайлоо округундагы эл журтума миң мертебе ыраазычылык билдирип, таазим кылам. Ошентсе да жеке чечимим, өз каалоом менен депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотуп, мандатымды тапшырдым. Буюрса эл үчүн кыла турган кызматым али алдыда. Буга чейин эл үчүн кандай күйсөм, ошол принцибим күчөйт, азайбайт. Жалпы мекендештериме, шайлоочуларыма дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирүү менен, жалпыңыздарга аманчылык, бакубатчылык каалайм".

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-июлдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду өзү жазган арыздын негизинде мандатынан ажыраткан.

Анын алдында айрым жергиликтүү басылмалар депутат Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганын жазышкан. Атайын кызмат бул маалыматка комментарий бере элек.

Тазабек Икрамов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Сузак бир мандаттуу округунан шайланган. Жогорку Кеңеште "Элдик" депутаттык тобунун жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетин мүчөсү.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей