БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тажик ТИМи Москвадагы окуяга байланыштуу билдирүү таратты

Тажик ТИМи Москвадагы окуяга байланыштуу билдирүү таратты

Крокус Сити Холлдун учурдагы көрүнүшү/ Сүрөт: "Азаттык"

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кол салууга тажикстандык же тажик жарандарынын байланышы жөнүндө маалыматты тактап, анан таратууга чакырды.

Бул тууралуу Тажиктстандын ТИМи 23-мартта "Фейсбук" баракчасына жарыялады. Анда Тажикстан Орусиянын расмий бийлигинен учурда тарап жаткан ар кандай кабарлар боюнча маалымат келбегенин белгилеген.

Буга чейин бир катар орус басылмалары теракт уюштурууга шектелгендер тажик жарандары экендигин жазып чыгышкан. 

"Крокуста"жасалган терактыдан каза тапкандардын саны 93 кишиге чыкканын Орусиянын Тергөө комитети билдирди. Алдын ала маалыматтарда, өлүм аткылоодон жана өрттөн чыккан истен болгону да айтылды.

Эске салсак, 22-март күнү кечинде Москвадагы Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл"концерттик залында ок атуу болду. Орусия бул окуяны "теракт"деп кылмыш ишин козгогон.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей