БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК телефондорду милдеттүү каттоонун мөнөөтү жылганын билдирди

УКМК телефондорду милдеттүү каттоонун мөнөөтү жылганын билдирди

Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоонун мөөнөтү 15-августка чейин узартылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, бул аралыкта катталбаган уюлдук операторлордун абоненттери өчүрүлбөйт.

Ошондой эле каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндөгү милдеттүү төлөмдөрдү, кошумча нарк салыгын жана сатуудагы салыкты төлөө түздөн-түз мобилдик телефондордун сатуучуларына, импорттоочуларына жана ритейлерлерине жүктөлөт. 

Кыргызстанда 25-июндан тарта уюлдук телефондорду милдеттүү каттоо башталган. Юстиция министрлиги мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган. 

Анда кыргызстандык жарандар пайдаланып жүргөн телефондор системага акысыз түрдө катталары айтылган.

Автор: Осмонова Айдана > 609 статей