БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ: Филорида штатында “Милтон” бороонунан кыргыз жарандары жабыркабаганын билдирди

ТИМ: Филорида штатында “Милтон” бороонунан кыргыз жарандары жабыркабаганын билдирди

Сүрөт интернеттен алынды

 

Америка кошмо штаттарындагы “Милтон” бороону болгон Флорида штатында 100гө жакын кыргыз жараны бар. Алар кырсыкта жабыркаган эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Аймакта жүргөн кыргыз жарандары зарыл болгон учурда жардам же кеңеш алуу үчүн элчиликке байланышса болот: +1 202 256 2924; +1 312 929 34 42. 

АКШнын Филорида штатында 10-октябрда “Милтон” бороон болуп, кеминде 16 адамдын өмүрүн алып, 3 миллион тургунду электр жарыгысыз калтырган. Айрыкча штаттын чыгыш бөлүгүн зыянга кептеген. 

Катуу жаан менен болгон шамалдын ылдамдыгы саатына 160 чакырымга жеткен. Бул аймакта эки жума мурун да “Хелен” боорону болгон. Андан бери тургундар толук турак жайларына кайта элек болчу.

 

Автор: Бурханов Байэл > 12 статей