БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
ТИМ: Испаниядагы суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Испаниядагы суу ташкындан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. Ведомоство бул азырынча алдын ала маалымат экенин эскертти.
Кыргызстандын Франциядагы элчилиги Испанияда жүргөн мекендешетер менен байланышта экени айтылды. Элчиликтин ыкчам байланыш телефону (+33 6 15 11 76 99, +33 1 71 60 37 04) иштеп жатат. Ал аркылуу Испанияда жүргөн кыргыз жарандары зарыл болгон учурларда жардам же кеңеш алуу үчүн кайрылса болот.
30-октябрда Испаниянын Валенсия аймагында мөндүр менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу ташкындаган. Андан каза болгондордун саны 90дон ашканы кабарланды. Испанияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Автор: Осмонова Айдана > 730 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat