БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ: Санкт-Петербургда сууга кулаган автобуста кыргызстандыктар жок

ТИМ: Санкт-Петербургда сууга кулаган автобуста кыргызстандыктар жок

Сүрөт: РИА Новости

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы дарыяга автобус кулап кеткен кырсыкта кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу 11-майда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

"Кырсыкта каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок", -деп билдирди министрлик.

10-май күнү Санкт-Петербургда автобус кишилери менен чогуу Мойка дарыясына түшүп кеткен. Кырсыктан жети адам каза таап, экөөнүн абалы оор экени маалымдалды. 

Орусиянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, автобустун салонунда жыйырма жүргүнчү болгон. Ал эми коомдук транспорттун айдоочусу, 44 жаштагы Рахматшох Курбонов ооруканада. Ал сурак учурунда автобуста тормоз иштебей калганын билдирген. Ага Кылмыш кодексинин "бир нече адамдын өлүмү менен коштолгон транспортту башкаруу эрежелерин бузуу" беренеси боюнчаайып тагылууда.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей