БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тоң райондук сотунун төрайымы 3000 доллар пара алууга шектелип кармалды

Тоң райондук сотунун төрайымы 3000 доллар пара алууга шектелип кармалды

Сүрөт: УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрайымы 3000 долларын алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады. 

"27-сентябрда 3000 доллар өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасы А.Г.Н. кармалды", -деп айтылат маалыматта. 

Маалыматка караганда, судья аталган каражатты өзүнүн ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен кармалган. Тинтүү учурунда шектүүдөн 2500 доллар, калган 500ү ортомчудан алынган.

28-сентябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Биринчи май райондук соту аны 17-ноябрга чейин камакка алган. Шектүү УКМКнын тергөө абагында кармалат. Учурда атайын кызмат тарабынан бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы айтылды.

Соңку учурларда бир нече судья пара алууга айыпталып кармалууда. Ушул жылдын 20-мартта Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулова 12 миң доллар пара үчүн кармалган. Ушул эле райондук соттун судьясы Акылбек Адимовго дагы ушундай эле айып тагылган. 2-июлда УКМК Чүй облустук сотунун эки судьясын соттолуучулардан 6 миң доллар пара алууга шектеп кармаган.

Буга чейин 2023-жылы 35 судья тартиптик жазага тартылганы, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткени айтылган.

Быйыл жыл башында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков соттор толук көз карандысыздыкка жете электигин айткан. Ал сот реформасын толук ишке ашыруу үчүн соттордун айлыгын көбөйтүү, аларды ротация кылуу иштери жүрүп жатканын айтып, бул ишти аягына чыгаруу бир гана сот системасына көз каранды эмес экенин белгилеген. 

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда акыркы эки жылда сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалымат боюнча, сот тармагына 2020-жылы 1,2 млрд сом берилсе, 2023-жылы 3,5 млрд сом бөлүнгөн.

 

Автор: Боромбаев Максат > 116 статей