БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Токмокто эне-баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды
Токмок шаарында үч жашар кызы менен турган келинди сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу 9-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя 8-январда Шашы жана Колхозная көчөсүндө катталган. Анда Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, эне-баланы коюп кеткен. Үч жаштагы кыз окуя болгон жерден чарчап калган.
Бул факт боюнча "Жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин жана автотранспортту эксплуатациялоону бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Айдоочу убактылуу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалган.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat