БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Токтогулдагы ташбакалар тууралуу видеону текшеребиз

Токтогулдагы ташбакалар тууралуу видеону текшеребиз

Видеодон скриншот жана жасалма интелект тарткан сүрөт

3-январда taraza.tv toktogul аттуу "Инстаграм" баракчасына Токтогул суу сактагычына чака менен көп сандагы деңиз ташбакаларын коё берип жатканы айтылган тасма жарыяланган. Видеодо сүйлөгөн адам кийинчерээк крокодилдерди дагы коё берерин белгилеген.  

Тасма үч күн ичинде эле миллиондон ашык көрүү топтогон. Жактыруулардын саны 15 миң, ал эми комментирийлер миңден ашат. Видеону соцтармак колдонуучуларынын айрымдары тамаша катары кабыл алса, арасында ишенгендери дагы бар. 

Чын эле Кыргызстандын эң ири ГЭСи болгон Токтогул суу сактагычына деңиз ташбакалары коё берилдиби? Биз бул видеонунун чын-төгүнүн текшерип көрдүк. 

Таш бакаларды сууга коё берип жаткан киши афроамерикалык (кара денелүү) адам. Тасмада ал кишинин кийиминде Padi деген жазууну көрүүгө болот. Бул АКШдагы сууда сүзүүчүлөрдүн эң ири кесиптик бирикмеси. Ал уюмдун логотиби адамдын кийиминдеги логотипке дал келет. Демек, бул видео Америкадагы деңиздердин биринде тартылышы мүмкүн.  

Негизи деңиз ташбакалары туздуу суу, жылуу климат жана жумурткаларын таштоого ылайыктуу деңиз жээктери сыяктуу шарттарга муктаж. Ал эми Кыргызстан тоолуу аймак болуп, тузсуз суу экосистемалары менен мүнөздөлөт. Бул деңиз ташбакалардын жашоосу үчүн ылайыктуу эмес.

Видео болсо эң алгач "Имгур" платформасына 2024–жылдын 20-ноябрында Торединейс аттуу колдонуучу тарабынан жүктөлгөн.  Кийин аны Твиттер, Ютуб колдонуучулары өз баракчаларына бөлүшкөн.

Эми Кыргызстанда коё берилди делген деңиз ташбакаларына кайтып келсек. Видеону бөлүшкөн taraza.tv_toktogul аттуу баракча жапайы жаныбарлар менен байланышкан башка дагы күмөндүү твсмаларды жарыялап келет. Мындан сырткары ар кандай блогерлер менен да маектерди, кайрымдуулукка байланыштуу видеолорду тартат. 31-декабрда аталган канал "2024-жылдын мыкты каналы" наамын алып жаткан тасма менен бөлүшкөн. Анда сыйлык "Кара-Көл шаарынын ачык айкындуулукка кошкон салымы үчүн" ыйгарылганы айтылат. 

Жыйынтык: Токтогул суу сактагычына деңиз ташбакалары коё берилгендиги тууралуу маалымат жалган. Деңиз ташбакалары Кыргызстанда жашай албайт. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала