БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Транспорт министри жүк ташууда эреже бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө киргенин эскертти

Транспорт министри жүк ташууда эреже бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө киргенин эскертти

Сүрөт akchabar.kg сайтынан алынды

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 23-февралда салмак-көлөмдү көзөмөлдөгөн бекеттерди күтүүсүз текшерди. Ал бул тууралуу өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, оор жүк ташууда эреже-мыйзамдарды бузгандарга мындан ары айып пулдун өлчөмү көбөйгөнүн эскертти.

"Биздин өлкөнүн аймагына уруксатсыз киргендиги үчүн салынган айыптын өлчөмү төмөн болгондуктан чет өлкөлүк ташуучулар эл аралык макулдашуулардын жана улуттук мыйзамдардын талаптарын сактабай, уруксаты жок, өткөрүү пункттарында транспорттук контролдон өтпөстөн киришет. Ушуга байланыштуу Кодекстин 200-беренесинин 8-9-бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөр киргизилди. Анын 8-бөлүмүндө уруксат кагазынын ээси  башка бир жүк ташуучуга берип койгон учурда  жеке жактарга 10 миң жана юридикалык жаткарга 30 миң сом айып пул салынат. Ал эми анын 9-бөлүмүнө ылайык, чет өлкөлүк  автотранспорт каражаттары Кыргызстандын аймагында  уруксат кагазга мөөр бастырбастан жүк ташуу ишмердигин жургүзгөн учурда  жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салынат".

Жаңы мыйзамда төмөнкүдөй айып пул салуу каралган:

— уруксат кагазынын ээси аны башка бир жүк ташуучуга берип койгон учурда жеке жактарга 10 миң жана юридикалык жаткарга 30 миң сом;

— чет өлкөлүк унаалар Кыргызстанда уруксат кагазга мөөр бастырбастан жүк ташыган учурда жеке жактарга 20 миң, юридикалыктарга 65 миң сом;

— товар ээси транспорттук документинде жүктүн массасы тууралуу жалган маалымат берсе жеке жактарга 3 миң, юридикалыктарга 13 миң сом;

— ашыкча жүк жүктөп жолго зыян келтирүү фактысы жеке жактарга 17,5 миң, юридикалыктарга 55 миң сом;

— эгер, бир жыл ичинде нормадан жогору жүк жүктөгөнү кайталанса жеке жактарга 20 миң, юридикалыктарга 65 миң сом.

Өлкөдө жалпысынан салмак-көлөмдү көзөмөлдөгөн 20дан ашык бекет бар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей