БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан  Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты

Сүрөт: Кактус медиа

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 15-июнда кабыл алганын "Т-Медиага" анын жактоочусу Жаныш Бараков билдирди.

"Бүгүн тергөөчү Свердлов райондук сотуна Жоробековду алып келип, 4-июлга чейин камактагы мөөнөтүн узартууну сураган. Мен тергөө судясына бөгөт коюу чарасын үй камагына өзгөртүп берүү өтүнүчүн келтирип, сот аны канаттандырды".

Афтандил Жоробековдун иши буга чейин Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жаткан. Кийин иш убактылуу токтотулуп кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөн. Адвокат Жаныш Бараков иш учурда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыганда тергелип жатканын айтты.

Жоробеков 2023-жылдын 9-декабрында Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп, тынч акцияга бир күн калганда камакка алынган. Ал кармалып кеткенге чейин күч органдары эскертүү бергенин, кысым болгонун да айтып жаткан. 

Ички иштер министрлиги активистти "массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган" деп айыптаган.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, былтыр сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. 

20-декабрда Жогорку Кеңеш документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алган.

22-декабрда аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Ошентип, мамлекеттик туу 2023-жылдын 26-декабрында өзгөртүлгөн.

Мамлекеттик туунун өзгөрүшүнө каршы чыккандар арбын болуп, алардын арасында маданият кызматкерлери, коомдук ишмерлер, саясатчылар да бар эле. Ушундан улам тууну өзгөртүүдө элдин пикири эске алынбай калганы айтылган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей