БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан Жоробековго 70 миң айып салынды

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан Жоробековго 70 миң айып салынды

Сүрөт: Кактус медиа

Желекти өзгөртүүгө каршы чыккан активист Автандил Жоробеков күнөөлүү деп табылып, 70 миң сом айыпка жыгылды. Мындай чечимди бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Ленин райондук соту чыгарган. 

Активист "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" беренеси боюнча күнөөлү деп табылган. 

Жоробеков 2023-жылдын 9-декабрында Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү көздөп, тынч акцияга бир күн калганда камакка алынган. Ал кармалып кеткенге чейин күч органдары эскертүү бергенин, кысым болгонун да айтып жаткан. Ички иштер министрлиги активистти массалык башаламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаганга айыптаган. Кийин айып "бийликти басып алууга ачык чакырык жасаган" деп алмаштырылган. 

Автандил Жоробеков 15-июнда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган болчу. 

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, былтыр сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. 20-декабрда Жогорку Кеңеш документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алган. 22-декабрда аталган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон. Ошентип, мамлекеттик туу 2023-жылдын 26-декабрында өзгөртүлгөн.

Автор: Осмонова Айдана > 797 макала