БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
УКМК: Бишкек шаардык сотунун судьясы жана жубайы кармалды
УКМК Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы жана анын аялы тарабынан алдамчылык фактысы аныкталганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына карганда, судьянын аялы А.Г. аттуу жарандан 2 миң доллар (174 миң сом) талап кылган. Жабырлануучу ага "Мбанк" онлайн тиркемеси аркылуу акча которгон. Ал шаардык соттун жазык коллегиясынын судьясы болуп иштеген жолдошу А.А.Б.дан жарандык иштер боюнча коллегиянын судьясы Ж.М.З. (А.Г. аттуу жарандын доо арызы боюнча баяндамачы болгон) менен байланышып, акча которгон жарандын пайдасына оң чечим чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган.
"16-декабрда судья А.А.Б. Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын судьясы Ж.М.З.нын иш бөлмөсүнө кирип, доогер жаран А.Г.га жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми судья-баяндамачы Ж.М.З. мындан баш тартып, мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алына тургандыгын белгилеген. Ошол эле учурда, судья- баяндамачы Ж.М.З. аталган жарандык ишти кароону токтоткон, бул доогер А.Г. аттуу жарандын пайдасына болгон эмес",- деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча судьянын аялы деп аталган М.Г.М. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ал эми Бишкек шаардык сотунун судьясы А.А.Б.га карата чогултулган материалдар Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына жөнөтүлүп, алар 18-декабрда кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришти.
Атайын кызмат Бишкек шаардык сотунун судьясы менен анын жубайынын баш коргоо чарасын бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карай турганын билдирди.
Соңку учурларда бир нече судья пара алууга айыпталып кармалууда. Айрымдарына сот тарабынан айып пул салынгандан кийин боштондукка чыгарылса, башкалары акталган. Буга чейин 2023-жылы 35 судья тартиптик жазага тартылганы, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткени айтылган.
Автор: Боромбаев Максат > 146 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat