БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК Европада терракт уюштурууга камынган кыргызстандыкты кармады

УКМК Европада терракт уюштурууга камынган кыргызстандыкты кармады

УКМК тараткан сүрөт

Европа өлкөлөрүнүн биринде терракт уюштурууга даярданып жаткан кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 31-майда билдирди. 

Атайын кызмат чет өлкөлүк коопсуздук кызматкерлери менен чогуу И. А. аттуу кыргызстандык жаран кармалып, өлкөгө алып келингенин билдирди. 

Ал Кылмыш кодексинин 256-беренеси (Кыргызстандын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон. Мындан улам, атайын кызмат анын чөйрөсүн да текшерип, 29-май күнү Токмок шаарында 17 үйдү тинтүүгө алган. Жыйынтыгында "Ислам мамлекети" (ИМ тобу) деген энбелгилери бар экстремисттик адабияттар, флешкалар, маңзат, курал-жарак жана 28 майнинг жабдуулары алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголуп, 53 жаштагы М.М.Д. аттуу жаран кармалды. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей