БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК "Клооп" боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы арызданды

УКМК "Клооп" боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы арызданды

Сүрөт: "Клооп"

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетти "kloop.kg" сайты боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы шаардык сотко апелляциялык арыз жазды.

Арызда атайын кызмат басылма мамлекеттик органдын Конституциялык укугун бузууда деп белгилеген.

Эске салсак: Бишкектин административдик соту 18-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин kloop.kg сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган. Министрлик бул чечимге каршы кийинки инстанцияга кайрылбаса же арызданган учурда да Бишкек шаардык соту шаардын административдик сотунун токтомун күчүндө калтырса, kloop.kg сайты ачылышы керек.

"Клооптун" орус тилиндеги сайты былтыр 12-сентябрдан тарта жабылган. Ага "Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды" деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал "чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп Маданият министрлигине кайрылган.

Министрлик ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу "фейктер жөнүндөгү" мыйзамдын негизинде "Клооптун" кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн."Клооп" бул чечимдерге макул эмес экенин билдирип келет.

Автор: Осмонова Айдана > 603 статей