БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын 3 кызматкерин кармады

УКМК Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын 3 кызматкерин кармады

Сүрөт: УКМК

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын 3 кызматкери кармалды.

"Араван районунун аймагында МСЭКтин мүчөлөрү акча талап кылуу жана алуу боюнча 22 факты тизмектелген. Алдын ала эсептөөлөр боюнча бир күндө түшкөн акчанын суммасы 60-70 миң сомду түзгөнү такталды."

Фактынын негизинде кылмышка шектелген жарандарга Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Атайын кызмат учурда кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча иш алып барууда.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей