БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Оштогу сел боюнча мурдагы төрт жетекчи кармалып, депутатка издөө жарыяланды

Оштогу сел боюнча мурдагы төрт жетекчи кармалып,  депутатка издөө жарыяланды

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаардык мэриясынын экс-чиновниктери кармалганы боюнча 24-июлда расмий маалымат таратты. Алар - Ош шаарынын мурдагы вице-мэри А.Ж.М., Муниципалдык менчик башкармалыгынын  мурдагы жетекчиси С.А.Э., "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын мурдагы башчысы С.И.Б. жана Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы башчысы Т.А.А.. Ал эми Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш. аттуу жаранга издөө жарыяланган.

Атайын кызматтын маалымдашынча, алар кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш.га Туран кичи районунун түштүк тарабындагы 2,2 гектарга жакын сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин мыйзамсыз алууга жардам берген. Каналдын жоктугуна байланыштуу жаан-чачын учурунда Ош шаарынын Бакыт, Күрөңкеев жана Молодежная көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан турак жайларды суу каптаган. Туран кичи районуна жакын турак жайларды 14-июлда сел алып кетип, жарандардын өмүрүнө коркунуч жаралган.

"Жер тилкесин алгандан кийин И.А.Ш. жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жардамы жана макулдугу менен атайын техниканы колдонуу аркылуу табигый каналдардын түбүн өз алдынча толтуруу жана тегиздөө иштерин жүргүзүп, кийин жеке турак жай курууга сатуу үчүн тегиз жер аянтын курган. Натыйжада, 2,2 га өлчөмүндөгү бирдиктүү жер тилкеси 30 жер участогуна чектөө жол-жобосунан өтүп, алардын ар бирине жеке менчикке укук жөнүндө мамлекеттик акт берилген. Андан ары жеке баюу максатында И.А.Ш. бөлүнгөн жер тилкелерин үчүнчү жактарга сатып, ал жерде учурда турак жай курулуп жатат", -деп маалымдайт УКМК.

 

УКМКнын маалыматындагы А.Ж.М.,  С.И.Б., Т.А.А. жана С.А.Э. деген инициалдар Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимовдун, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ильяс Сансызбаевдин, Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош аймактык башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошевдин жана Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ашим Семетеевге туура келет. Ал эми издөө жарыяланган Ош шаардык кеңешинин депутаты И.А.Ш - Алмаз Иминджанов. Шектүү тарап жана алардын адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

Мурдараак Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы кармалган жетекчилердин бөгөт чарасы 20-июлда шаардык сотто каралып, шектүүлөр 18-сентябрга чейин камакка алынганын маалымдаган.

 

Беш адамдын өмүрүн алган сел 

14-июлда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун бир катар аймактарында катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алды. Бөөдө кырсыкка кабылгандардын төртөө бир үй-бүлөдөн - апасы жана анын үч кызы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар шаардын четиндеги Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө сел агызып кеткенин билдирди. Ал эми бешинчи жаранды Ош шаарынын борбордук базарынан сел алып кеткен. 

Жаандан кийинки чогулган суулардын кесепетинен Ак-Буура дарыясы нугунан ашып, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды, айылдарды, эс алуу жайларды топон суу каптаган. Бир нече автоунааны сел агызып, үйлөр, көпүрө, жолдор жарактан чыкты. Соодагерлер, жергиликтүү тургундар чоң чыгымга учурады. Борбордук базарда 800гө жакын контейнерди суу каптаган. Бир катар жарандар үй-жайсыз калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсеби боюнча, суу ташкындан 800дөй үй зыян тарткан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей