БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК пара алууга шектелип кармалган судьялар тууралуу комментарий берди

УКМК пара алууга шектелип кармалган судьялар тууралуу комментарий берди

Сүрөт: Sputnik

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) пара алууга шек саналып кармалган Чүй облустук сотунун судьялары жөнүндө маалымат берди.

Атайын кызматтын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, судьялардын бири кармоо учурунда тергөө органдарынан качууга аракет кылып, өзүнүн кызматтык автоунаасы менен кырсыкка кабылган. Тергөөдө аталган судьялар катчысы аркылуу М.Н аттуу соттолуучудан актоо өкүмүн чыгарып берем деп 10 мин АКШ долларын талап кылганы айтылат. Соттолуучу сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин катчысы аркылуу эркинен ажыратпаган жаза колдонуу үчүн 6 миң доллар талап кылган. Атайын кызмат "ал акчаны кызматкерлер бөлүп алган" деп билдирди.

3-июлда Судьялар кеңешинин кылмыш жоопкерчилигине тартуу макулдугу менен Биринчи май райондук соту судьялар А.Т.А., К.У.Ж. жана соттук отурумдун катчысы О.Ж.Дны УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарды. Тергөө жүрүп жатат. 

Жогоруда аталган К.У.Ж. жана А.Т.А деген инициалдарга Чүй облустук сотунун сайтындагы Калыбеков Улукбек Жолдошевич менен Абдырашитов Тилек Арстанбекович аттуу судьялардын аты-жөнү дал келет.

Судьялар кеңеши тараткан маалыматка ылайык, кеп болуп жаткан судьялар Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси ("Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү"), 343-беренеси ("Опузалап пара алуу"), 342-беренеси ("Пара алуу") жана 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен айыпталып жатат.

4-июлда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жергиликтүү соттор менен видео байланыш аркылуу ыкчам кеңешме өткөрүп, Чүй облустук сотунун судьялары менен болгон акыркы көрүнүштү талкуулады. Базарбеков анда мамлекет бардык органдардагы коррупцияны жоюу боюнча эң катаал чараларды көрүп жатканын белгилеп, сот системасы да андан четте калбасын эскертти.

Автор: Т-Медиа > 355 статей