БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Матраимов менен бирге анын үч бир тууганы Кыргызстанга алынып келинди

УКМК: Матраимов менен бирге анын үч бир тууганы Кыргызстанга алынып келинди

УКМК тараткан сүрөт

Эл аралык издөөдө жүргөн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 25-мартта Баку (Азербайжан) шаарында кармалып, Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу 27-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Аны менен кошо бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинген. 

Райымбек Матраимовго карата 169-берене "эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" жана 222-берене "кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу" белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат. УКМК ал атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаев (Камчы Асанбек) менен тыгыз байланышта болгонун жана бажы кызматкерлери менен мамлекеттик кызматкерлерден турган кылмыштуу топ түзгөнүн белгилейт.

Матраимовго эки берене боюнча кылмыш иши козголуп, январдын аягында эл аралык издөөгө алынган эле. 22-мартта Кыргызстандын аймагында Азербайжандын беш жараны кармалган. Атайын кызмат алар өлкө жетекчилигине кол салуу үчүн келишенин билдирген. Кылмыштуу топтун Матраимов менен байланышы бар экени кабарланган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө "мафия түзгөн" деп айыптаган.

Райымбек Матраимов 1997-жылдан тартып Бажы тармагында эмгектенген. Кызматтан көтөрүлүп отуруп, 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Автор: Осмонова Айдана > 650 статей