БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кыргыз футбол биримдигинин улуттук футбол академиясы ачылды

Кыргыз футбол биримдигинин улуттук футбол академиясы ачылды

Сүрөт: президенттин администрациясы

Бишкекте 22-октябрда Кыргыз футбол биримдигинин улуттук футбол академиясы ачылды. 

Ачылуу аземине президент Садыр Жапаров, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа катышты. Академия 3,374 гектар аянтты ээлеп, анда жасалма чөптүү футбол талаалары, машыгуу аянтчалары, мейманкана комплекси, футзал оюндарын өткөрүү үчүн спорттук зал, трибуналар, кафетерий жана спортчуларды даярдоо үчүн башка керектүү курулмалар камтылган.

Спорттук имарат эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын, анын ичинде ФИФАнын, Азия футбол конфедерациясынын, футболду колдоо фондунун жана Кыргыз футбол биримдигинин каржылык колдоосу менен салынган. 

Буга чейин академиянын орду шаардык полигон болгон. Мамлекеттин жана өнөктөштөрдүн аракети менен аймак тазаланып, футбол комплексин өнүктүрүүгө даярдалган.

Автор: Осмонова Айдана > 791 макала