БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Унаа" ишканасынын жетекчиси камакка алынды

"Унаа" ишканасынын жетекчиси камакка алынды

Сүрөт интернеттен алынды/ Рустам Жокоев

Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Рустам Жокоев 27-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу "Т-Медиага" Биринчи Май райондук соту билдирди.

Маалыматка караганда, Жокоевге Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси "Пара алуу" менен айып тагылды. 

Сотко өтүнүчтү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети берген. Райондук сот чечимиди кечээ, 26-сентябрда чыгарган. 

Буга чейин "Унаа" мамлекеттик мекемесинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, айрым кызматкерлер жана мекеме жетекчиси кармалганы айтылып жаткан.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей