БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Унаа" мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи келди

"Унаа" мамлекеттик мекемесине жаңы жетекчи келди

Улан Карыпбеков. Сүрөт интернеттен алынды

"Унаа" мамлекеттик мекемесин жетектеген Рустам Жокоев кызматтан алынып, анын ордуна Улан Карыпбеков директор болуп дайындалды. Бул буйрукка президент Садыр Жапар кол койгонун  1-октябрда өлкө башчынын администрациясы билдирди. 

44 жаштагы Улан Карыпбеков 2023-жылы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин жетекчиси болуп иштеген. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде эмгектенген.

Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Рустам Жокоев 27-октябрга чейин камалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси "Пара алуу" менен айыпталууда. 

30-сентябрда президент Садыр Жапаров Рустам Жокоев башында жакшы иштегенин белгилеп, кийин коррупциялык система түзүп, айдоочулук күбөлүк 40 миңден 80 миңге чейин сатыла баштаганы аныкталганын айткан. Ошондой эле, Жокоев менен бирге кыркка жакын жетекчиге жескорлукка аралашпашы үчүн айына 2000 доллардан каражат берип турганын билдирген. Бирок ал акча мамлекеттин казынасынан эмес, президенттин фондунан берилээрин ачыктаган эле. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 116 статей