БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Президенттик администрация жаңы Ак үйгө экскурсия кылуунун тартиби өзгөргөнүн билдирди

Президенттик администрация жаңы Ак үйгө экскурсия кылуунун тартиби өзгөргөнүн билдирди

Сүрөт: "Т-Медиа"/ Президенттик администрациянын жаңы имараты

Президенттик администрациясынын жаңы имараты - "Ынтымак Ордого" экскурсия кылуу үчүн электрондук кезек түзүлдү. Мындай чечим элдин агымы көп болуп, ортодо талаш-тартыш жаралгандан улам кабыл алынган. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Мурдагы Өкмөт үйүнүн жанында атайын автобустар болот (Абдумомунов 207 дареги) жана экскурсияга ошол автобустар менен алып барып, кайра эски аянтка алып келишет. Ар тараптан келген адамдардын электрондук кезегин карап, операторлор сиздерге автобуска канчада чыгарыңызды айтып беришет. Мисалы, эртең менен 10дордо келсеңиз, "түштөн кийин төрттө же үчтө, же эртең түшкү он экиде автобус менен чыгасыздар" деп түшүндүрүп беришет", -деген ал.

Жаңы Ак үйдүн ичин кыдырууну каалагандар иш күндөрү 9:00дөн 17:00гө чейин Абдумомунов 207 дарегинде жайгашкан Президенттин администрациясынын мурдагы имаратынын түндүк-батыш тарабындагы өткөрүү бюросуна келиши керек. Жарандардан паспорту талап кылынат.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "Ынтымак Ордо" мамлекеттик кайтаруудагы имарат болгондуктан тегерек чети тосулганын билдирген. Ал элди президенттик администрациянын жаңы имаратын көрүп кетүүгө чакырып, кыдыртып, маалымат бере турган кызматкерлер да даярдалганын белгилеген. Андан тышкары бир адам Ак үйгө бир эле жолу экскурсияга кире аларын кошумчалады.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей