БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам мерт кетти

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам мерт кетти

Сүрөт интернеттен алынды

Жол кырсыгы 17-июлда Каракол-Аганьево-Балыкчы унаа жолунун 59-чакырымындагы Өрнөк айылында болгон. Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматы боюнча, "Тойота-Авенсис" үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышты көздөй баратып кайрылып жатканда, артынан келе жаткан "Мерседес-Бенц-210" сүзүп алган. 

Каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү экени айтылды. Жубайлар жана алардын тогуз жаштагы небереси. Жаракат алгандар такталууда. Милиция учурда соттук-медициналык жана соттук-техникалык экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүп жатканын кошумчалады. 

Жергиликтүү басылмалар каза болгондор Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси экенин жазышты.

Кийинчерээк Маданият маалымат жана спорт министрлиги Токтугул Сатылганов атындагы Ош облусттук китепканасынын директору Бактыгүл Мырзаева жол кырсыгынан мерт болгонун билдирди. Мырзаева Касымалиеванын апасы. Ал китепкананы 25 жылдан бери жетектеп келген. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей