БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Өз жанын кыйганына ишенбейм". 25 жаштагы келиндин өлүмүнө эмне себеп болгон?

"Өз жанын кыйганына ишенбейм". 25 жаштагы келиндин өлүмүнө эмне себеп болгон?

"Т-Медианын" коллажы

Бишкектеги ооруканалардын биринде 25 жаштагы келин каза болду. Маркумдун жакындары анын өз жанын кыйганына ишенбей, күйөө баласын күнөөлөшүүдө. Экинчи тарап мындай дооматтарды четке кагууда. 

Оштун тургуну Айтурган Маматкулова 7-июлда саат 00:30да Бишкек шаардык №4 клиникалык тез жардам ооруканасына оор абалда түшкөн. Келин жандандыруу бөлүмүндө беш сааттай жатып, эсине келбей көз жумган. Анын жансыз денесине экинчи жолу соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, 8-июлда Ош шаарындагы мейитканадан туугандарына өткөрүлүп берилди. Бирок Айтургандын өлүмүн жакындары кеч укканын айтышууда. 

"Таңкы 4:55те эле болуптур (ред-Айтурган ошол саатта жан берген). Биз болсо саат ондо кабарды угуп жатабыз. Барсак мейитканада жаткан экен. Ал жерде биздин уруксатыбыз жок экспертизаны баштап коюптур", -дейт маркумдун агасы Нурсултан Сеитов. 

Маркум Айтурган Маматкулова 2023-жылы июль айында турмушка чыккан. Жакындарынын айтымында, көп өтпөй жубайлар ажырашып, кийин кайра жашоосун уланткан. Бирок расмий никеге турушкан эмес. Айтурганды жолдошу дары ичип ооруканага түшүп каза болгонун айткан. Бирок кызынын "өз өмүрүн кыйды" дегенге апасы ишенбей турат. Ал окуяга күйөө баласын шектеп жатат. Анткени экинчи жолку соттук-медициналык экспертизага катышып, кызынын денесиндеги ур-токмоктон калган издерди көргөн.

"Кызым киши колду болуп өлгөн. Күйөө балам эле өлтүрүп койду деп ойлойм. Маңзат чегип алып кызымдын талуу жерине уруп койгон. Денеси көгөрүп, желке тушуна сокку жептир. Биз муну мейитканага барганыбызда көрдүк. Кызым эч кандай дары ичкен эмес. Алар болсо өзүн өзү өлтүргөн” деп жатышат. Кызым өзү дарыгер болсо кантип дары ичип өлмөк эле?"

Маркумдун жеңеси Алтынай Сейитова кайынсиңдиси менен жакындан сырдашып, болгон окуянын барын билдирип турчу. Анын айтымында, Айтурган мурда да күйөөсүнүн ур токмогуна кабылып келген. 

"Өзүн өлтүрмөк болсо жок дегенде бир же эки күн алдын пландамак эле да. Ал жакшынакай эле сүйлөп, күлүп жүргөн. Тилек (ред-Айтургандын жолдошу) айткан саатта өлгөн болсо, анын алдында эле "Инстаграмына" тарыхча жүктөгөн. Айтурган дайыма мага күйөөсү урганын айтып турчу. Денесиндеги көк-ала тактарын көрсөтчү".

Келиндин кайын-журту эмне дейт? 

Айтургандын жолдошунан окуянын чоо-жайын билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Наркул Абдуллаев уулунун абалы начар экенин айтып, интервью бере албасын билдирди. Ал Сейитовдордун айыптоолорун четке какты. Ал эми келининин өз жанын кыйышына эмне себеп болгонун түшүнбөй турганын айтууда.

"Уулум менен келиним Ысык-Көлдөн келип, Бишкетеги мейманканалардын биринин  3-кабатынан орун алган экен. Балам жумуштарын бүтүрүү үчүн сыртка чыгыптыр. Кайра кирсе Айтурган тердеп кыйналып жатыптыр. Эгерде ур-токмоктон каза болгондо баламды Бишкекте эле камап койот эле да".

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Гүлнура Абдыкозуеванын айтымында, келин ооруканага тамыры сокпой, эс-учун жоготкон абалда келип түшкөн. 

"Реанимацияда таңкы бештерге жетпей үзүлгөн. Соттук медициналык экспертиза жүргүзүүнүн өзүнүрн эрежеси бар да. Бул кыргыз өкмөтүнүн токтому менен бекитилген. Анда тергөөчүнүн, соттун же прокурордун токтомунун негизинде соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт деп жазылган", -дейт Абдыкозуева.  

Кырчындай кезинде каза болгон Айтурган Маматкулова 13-сентябрда 25 жашка чыкмак. Анын сөөгү 8-июль күнү Ош шаарында жерге берилди. Ал эми соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы бир айдан соң белгилүү болот. Маркумдун жакындары Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, адилеттүү тергөөнү талап кылууда. Шаардык милиция окуя боюнча азырынча маалымат бере элек.

Автор: Т-Медиа > 347 статей