БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Замирбек Базарбеков: соттор толук көз карандысыздыкка жете элек

Замирбек Базарбеков: соттор толук көз карандысыздыкка жете элек

Замирбек Базарбеков. Сүрөт: "Т-Медиа"

Мындай пикирин Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 26-февралда мекеменин 2023-жылдагы ишмердиги боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Соттор толук кандуу көз карандысыздыкка жеттик десек биз жаңылышкан болобуз. Ошол нерсеге жетели деп азыр сот реформасынын үстүнөн иштеп жатабыз. Бирок ал реформа да өзүнүн кандайдыр бир максатына азырынча жете элек".

Ал соттор тааныш-билиштердин телефон чалууларына моюн сунбай чечим чыгарат деп айтуудан да алыс экенин айтты. 

"Себеби бул көп жылдардан бери соттордун арасында калыптанып калган коррупциялык көрүнүш. Ошондуктан муну менен да күрөшүп жатабыз", -деди ал.

Замирбек Базарбеков сот реформасын толук ишке ашыруу үчүн соттордун айлыгын көбөйтүү, аларды ротация кылуу иштери жүрүп жатканын айтып, бул ишти аягына чыгаруу бир гана сот системасына көз каранды эмес экенин белгиледи. 

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда акыркы эки жылда сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалымат боюнча, сот тармагына 2020-жылы 1,2 млрд сом берилсе, 2023-жылы 3,5 млрд сом бөлүнгөн.

Автор: Т-Медиа > 355 статей