БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: жаңы автобустар Кытайдан электрондук билет келгиче каттамга чыкпайт

Ош: жаңы автобустар Кытайдан электрондук билет келгиче каттамга чыкпайт

Сүрөт: Ош шаарынын мэриясы

Ош шаарына Өзбекстандан жаңы сатылып алынган 100 автобус июнь айында каттамга чыгары күтүлүүдө. Буга чейин айтылган мөөнөтүнөн кечеңдешине видео көзөмөл камераларынын орнотулушу себеп болгон. Мындан тышкары Кытайдан электрондук билет буйрутма кылынган. Ал келишим боюнча июнда келет. Бул тууралуу "Т-Медиага" социалдык блогду жетектеген вице-мэр Сонунбек Жунусбаев билдирди.

"Автобустардын номерлери Бишкектен келген. Учурда автобустарга камера, датчик коюлуп жатат. Ал канча адам автобуска чыкты? Канча төлөдү же төлөбөдү көрсөтүп турат. Жол акыны жүргүнчү Кыргызстандагы бүт карталар менен онлайн төлөсө болот. Электрондук  төлөсө арзан, накталай төлөсө 5 сом кымбат төлөйт", -дейт Сонунбек Жунусбаев.

Жаңы автобустар Ош шаарына 21-мартта алып келинген. Сонунбек Жунусбаев алар апрелдин аягынан тартып төрт багыт боюнча каттамга чыгарын маалымадаган эле. Ал эми Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын жетекчиси Саипжан Турдуев Бишкектен номерлери жана техпаспорттору келсе, каттамга чыгарын айткан. 

Мэриянын маалыматы боюнча, коомдук траспорттор Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылык лизинг аркылуу алынды. "ISUZU SAZ LE 60" үлгүсүндөгү автобустар Өзбекстандын "СамАвто" заводунан чыгарылган. Алардын ар бири 89 миң 500 долларга бааланган.

Автобустарды сатып алууга Ош шаардык кеңеши 2023-жылдын 28-декабрдагы сессиясында макулдук берген. Бирок айрым депутаттар коомдук транспорттор дизель майы менен жүргөндүктөн абаны булгайт деген пикирин айткан. 

Буга чейин дагы Ош мэриясы өзбекстандык "СамАвто" авто заводунан элүү автобус сатып алган. Алардын баасы 37 миң доллардан бааланган. Бирок кийин көп өтпөй сапаты жакшы делген автобустардын сегизи бузулуп, оңдоп-түзөөгө муктаж болгон. 

 

Автор: Осмонова Айдана > 650 статей