БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөндө айланма жолдун курулушу башталды. Аны жеке инвесторлор салууда

Өзгөндө айланма жолдун курулушу башталды. Аны жеке инвесторлор салууда

Сүрөт: Өзгөн райондук администрациясы

Өзгөн шаарынан өтүүчү узундугу 14 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу башталды. Аны акы төлөнүүчү жол катары пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Улуттук инвестициялык агенттиктин басма сөз кызматы "Т-Медиага" билдиргендей, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизиминин алкагында ишке ашууда. Жолду бүтүрүүгө 2 миллиард 600 миллион сомдон ашыгыраак каражат сарпталары пландалууда.

"Жолдун курулушуна мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат каралбайт. Жеке өнөктөштүк тарабынан жүргүзүлүп жатат. Долбоорду ишке ашырып жаткан инвесторлор - "Тез Жол" жана "Жагалмай" ЖЧКлары", -деп билдирди мекеме. 

Өзгөн райондук администрациянын башчысынын орун басары Шакир Мамадалиев учурда жолдун нугун аныктоо, сүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди. 

"Курулуш иштери 2024-2025-жылы аяктап колдонууга берилет деп пландап жатабыз. Акы төлөнүүчү дегенибиз, аэропорттун жолундай эки же үч тилкеге бөлүнөт. Бирок азырынча анын баасы чечиле элек. Курулуш аяктаган соң шаардын ичинде жол тыгындар азайып, айдоочулар сегиз чакырым жолду үнөмдөп калат".

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасына айланма жол куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта мындай чечим Бишкек — Ош унаа жолунда, анын ичинде Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү участокто жол кыймылынын тыгынын азайтуу максатында кабыл алынганы айтылган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей