БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөндө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өзгөндө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сүрөт интернеттен алынды

 

Бүгүн, Өзгөн районунун аймагында саат 8:25те очогунда күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү байкалганын  сейсмология институту кабарлады. 

Жер титирөө аталган райондун Чымбай, Бакмал, Мырза-Аке, Куршаб, Кароол, Шералы айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 балл, Мырза-Арык айылында  3,5 балл, Салам-Алик айылынан 30 чакырым түштүк чыгышына, Жалал-Абад шаарынан 32 чакырым түштүк чыгышга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар, кыйроолор катталган жок.

Быйыл жыл башынан бери Бишкекте, Чүйдө, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында бир нече жолу күчү 3-4 баллды түзгөн жер силкинүү катталган.

 

Автор: Бурханов Байэл > 11 статей