БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ЖАК Махабат Тажибек кызынын сабалганы боюнча сүрөттөргө комментарий берди

ЖАК Махабат Тажибек кызынын сабалганы боюнча сүрөттөргө комментарий берди

Болот Темиров жарыялаган сүрөт

Жаза аткаруу кызматы "Temirov Live" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын сабалганы боюнча тараган сүрөттөргө комментарий берип, маалыматты четке какты.

Мекеменин маалымдашынча, 5-апрелде Тажибек кызы отурган камерадагы айыпталуучулардын бири башка камерага которуу учурунда тергөө абагында отургандар кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткаруудан баш тартып, каршы чыгышкан. Махабат Тажибек кызы башка соттолуучулар менен бирге абактагы аялдарды нааразычылыкка жана баш ийбөөгө чакыра баштаган. Аталган факты белгиленген тартипте каттоого алынган.

"Медициналык кароодон өткөндө Махабат Тажибек кызынын колунда жана билегинде кызарган тактар аныкталган. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында камералаштары өзүнүн өтүнүчү боюнча сабап, атайылап ырайымсыз мамиле жасашканы аныкталды", -деп айтылат маалыматта. 

Жаза аткаруу кызматы кызматкерлер тарабынан айыпталуучуну уруп-сабаган жана психологиялык басым жасаган учур болбогонун белгилеген. 

Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров жубайы Махабат Тажибек кызы Бишкектеги №1 тергөө абагында сабалгандан кийин тартылган сүрөттөрдү 12-майда "Фейсбук" баракчасына жарыялаган. 

Эске салсак, 2024-жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган.

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

Кийин "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан. Ал эми 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту  журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган. 

Учурда Махабат Тажибек кызы, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, "Алга Медианын" журналисти Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын журналисти Айке Бейшекеева камакта олтурат. 

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей