БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы бир айга камакка алынды
Жалал-Абад облустук сотунун судьялары Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М. "сот адилеттигине жатпаган, мыйзамсыз чечим чыгарган" деп шектелүүдө. Алар 23-ноябрда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 25-ноябрда кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Жалал-Абад облустук соту буга чейин 42 жаштагы кишини баңгизат, психотроптук заттарды сатуу беренеси менен күнөөлүү деп таап, он жылга эркинен ажыраткан. Ал эми апелляциялык инстанцияда иш жогоруда аталган үч судья тарабынан кайра каралып, алар айыпталуучунун жазасын сегиз жылга кыскартат. Анын аткарылышын "башка мамлекетте апасы тарбиялап жаткан баласы 14 жашка чыкканга чейин" деп калтырышкан. Кийин судьялардын мындай чечиминен соң айыпталуучу укук коргоо органдарынан качып кеткен.
"Башкы прокуратура Жалал-Абад облустук сотунун аталган судьяларына карата чогултулган материалдар боюнча кылмыш ишин козгогон. 22-ноябрда Жогорку соттун Судьялар кеңеши аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө өтүнүчтү жактырган. 23-ноябрда Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен жогорудагы судьялар УКМКнын тергөө абагына бир айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат"-деп айтылат УКМнын маалыматында.
24-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы коррупцияга айыпталып кармалып, камалганын Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңыланган имаратынын ачылышында сүйлөп жатып билдирген болчу.
Соңку эки жылда бир катар судьялар жемкорлукка жана пара алуугау шек саналып кармалышкан. Айрымдарына сот тарабынан айып пул салынгандан кийин боштондукка чыгарылса, башкалары акталган.
Автор: Улукбек кызы Асем > 419 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat