БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Жаан жааганда суу топтолот". Жалал-Абадда унаа базардын ордун толтуруу сунушталууда

"Жаан жааганда суу топтолот". Жалал-Абадда унаа базардын ордун толтуруу сунушталууда

Сүрөт: t-media/Дастан Осмонов

Жалал-Абад шаарындагы унаа базарынын ордун толтуруу сунушталууда. Анткени базардын азыркы орду жолдон ылдый жайгашкандыктан жаан-чачын учурунда суу топтолуп, кардарларга жана сатуучуларга кыйынчылык жаратат. Мындай сунушту шаардык кеңештин 28-ноябрындагы жыйнында Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Жолубай Боркулов билдирди.

Унаа базардын жалпы аянты 4 гектар. Жолдон базардын эң төмөн жери 2 метрден ашык. Калаа бийлиги чоң аянттагы жерди чыгымы жок толтурабыз дешүүдө.

"Жалал-Абадда азыр курулуш иштери жакшы жүрүп жатат. Алар имарат куруу үчүн жер казышууда. Алардан чыккан топурак, шагылдарды ар кайсы сайларга, талааларга ыргытышат. Биз аны максаттуу пайдаланып, унаа базардын жерин толтурайын деп жатабыз", -деди вице-мэр басары Кубанычбек Иманалиев. 

Иманалиев чыгым унаа базардагы чатырды жылдырып туруу үчүн керектелерин айтты. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча болжол менен чатырды алып, кайра орнотуу үчүн 2 млн сом сарпталары маалымдалды.

Бирок бул сумма мындан көп болушу ыктымал. Анткени курулушту бузуп кайра орнотууда иштен чыккан материалдар катталышы мүмкүн. Маселенин бул тарабын эске алганда шаардык кеңештин депутаттары керексиз чыгымдан алыс болгонубуз дурус болмок дейт.

"Булар 2,5 млн сом кетет деп жатышат. Бирок алар жылдырууну эле эске алышты. Эгерде материалдар керексиз чыкса, аны жаңылоо керек. Ушуга окшогон күтүлбөгөн чыгымдар көбөйүп андан көп акча кетип калышы мүмкүн"-дейт Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев.

Ал эми базарга келген тургундар жол менен бирдей калыпка алып келгендин ордуна базардын ичине асфальт төшөп, унааларды иреттеп койсо болмок деген пикирде. 

Жалал-Абад унаа базары 2022-жылы ачылган. Ошол кезде унаа базардын курулушуна жалпы 10 млн сомдон ашык каражат жумшалган. Базар жыл ичи сегиз млн сомдон ашык каражат жыйноону пландалган. Унаа базар жумасына бир эле жолу, тагыраагы бейшемби күнү гана иштейт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей