БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Селден улам дагы эки районго өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Селден улам дагы эки районго өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Сүрөт Баткен облусунун аймагында тартылган/ӨКМ

Селден улам Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Талас облусунун Талас районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Тиешелүү буйрукту район жетекчилери кабыл алганын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 23-апрелде брифингде билдирди.  

Анын айтымында, 20-апрелден тарта өлкө боюнча 46 жерде сел жүргөн. Сел Ош облусунда 171 короо-жайдын, 28 үйдүн жана бир мектептин жер төлөсүнө кирген. Ал эми Жалал-Абадда 102 короо-жайга, бир мектепти каптаган. Таласта болсо 202 короо-жай, бир мектеп сууда калган. Мындан сырткары сел Баткендин Лейлек, Баткен району жана Кызыл-Кыя шаарында да болгон.

Урматбек Шамырканов жарандык коргонуу күчтөрү селден улам келтирилген материалдык зыянды эсептеп жаткандыгын кошумчалады. 

Буга чейин Ош облусуна да өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 20-апрелде жааган жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Мырзаке- Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда сел унааны агызып, бир адам каза болгон.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей