БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кербен шаардык кеңешинин депутаты массалык башаламандык уюштурууга шектелүүдө

Кербен шаардык кеңешинин депутаты массалык башаламандык уюштурууга шектелүүдө

УКМК тараткан сүрөт

Кербен шаардык кеңешинин "Ата -Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты массалык баш аламадыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 8-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады

Маалыматка ылайык, Н.Ж.К социалдык тармактагы баракчасында массалык башаламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жарыялаган деп айыпталууда. Депутатка Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык баш аламандык") менен кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланды. 

Жергиликтүү басылмалар кармалган адам Жанарбек Надырбеков экенин жазышууда. Атайын кызмат тараткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей