БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда бир жашар бала кызамыктан чарчап калды. Дагы бири жандандыруу бөлүмүндө

Жалал-Абадда бир жашар бала кызамыктан чарчап калды. Дагы бири жандандыруу бөлүмүндө

Сүрөт интернеттен алынды

8-декабрь күнү Жалал-Абад облустук балдар клиникалык ооруканасында бир жаштагы бала кызамыктан чарчап калды. Дагы бир ымыркай жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу "Т-Медиага" бүгүн, 11-декабрда мекеменин дарыгери Айчүрөк Тургуналиева билдирди.

"Бир жаштагы бала 24-ноябрда бизге оор абалда кайрылган. Тилекке каршы, даарыланганына карабай каза болуп калды. Себеби, балада кызамыктан сырткары жүрөк жана өпкө оорулары да болгон. Каны да аз экен. Ошондон улам ооруну көтөрө албай калды", -дейт ал.

Тургуналиеванын маалыматка караганда, учурда жугуштуу оорулар бөлүмүндө 22 бала кызамык оорусу менен даарыланууда. Алардын баары эмдөөдөн өткөн эмес.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында 60ка жакын окуучудан кызамык аныкталып, эки мектеп карантинге жабылып, эки жумадан кийин кайра ачылган. 

Республикалык иммунопрофилактика борбору вирус аныкталгандардын басымдуусу Бишкек шаарынын жана Жалал-Абад,Чүй облустарынын тургундары экенин маалымдаган. Мекеменин маалыматына ылайык, оорунун жайылышын токтотуу үчүн калктын 95%дан жогорку бөлүмү эмдөөдөн өтүшү керек. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей