БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда газ баллон жарылып бир адам каза болду

Жалал-Абадда газ баллон жарылып бир адам каза болду

Сүрөт: Турмуш.кж

Жалал-Абад шаарында газдалган суусундук даярдоочу жайда жарылуу болуп, бир адам каза болду. Жараат алган төрт киши ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан билдиришти. 

Кырсык бүгүн, 13-июлда болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча калаанын Түмөнбай Байзаков көчөсүндөгү газдалган суусундук саткан жайда газ баллон жарылган.

"Саат 12ге карата ооруканага жарылуудан улам беш бейтап келип түшкөн. Экөөнүн баш мээси чайкалып, дагы эки бейтап нерв жактан жабыркаган. Учурда дарыланып жатат. Тилекке каршы, бир адам каза болуп калды. Азыр бейтаптар керектүү жардамдарды алып, акыбалдары жакшы", -деп билдирди оорукана жетекчисинин орун басары Арстан Алымбаев.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатканын кабарлады. 

Кыргызстанда газ баллондун жарылышынан улам адам өмүрү кыйылган учурлар буга чейин да катталган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей