БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда метан газын куюучу бекет ишке кирди

Жалал-Абадда метан газын куюучу бекет ишке кирди

Сүрөт: Жалал-Абад шаардык мэриясы

1-апрелден тарта Жалал-Абад шаарында метан газы менен жүрүүчү автобустар үчүн салынган бекет иштеп баштады. Мэриядан билдиришкендей, бекет Сузак районунун шаар менен чектеш аймагында курулган. 

Май куюучу жайды Өзбекстандын "Тамир курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому өз эсебинен салып берген. Анда бир учурда сегиз автоунаа метан толтурууга шарт түзүлгөн.

2023-жылдын 1-декабрынан баштап Жалал-Абад шаарында 40 жаңы автобус каттамга чыккан. Бирок шаарда метан газ куюучу станция жок болгондуктан күн сайын 20 автобус каттамга чыгып, калган 20сы Өзбекстандан газ куюп келчү.

Автобустарды былтыр октябрда шаардын 146 жылдыгына карата өлкө башчы Садыр Жапаров тапшырган. Ошондой эле республикалык бюджеттен жана шаар казынасынан бөлүнгөн акча каражатка он даана электробус да сатып алынган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 310 статей