БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадда жаңы төрөт үйү курулууда

Жалал-Абадда жаңы төрөт үйү курулууда

Төрөт үйүнө капсула салуу иш-чарасы. Сүрөт: Саламаттыкты сактоо министрлиги

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында 75 аялга ылайыкташкан жаңы перинаталдык борбор курулуп баштады. Анда төрт төрөт залы, чоңдор жана балдар үчүн бир-бирден өзүнчө реанимациялык блок болмокчу. Бул тууралуу 13-январда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Капсула салуу иш-чарасына облус башчысы Абсаттар Сыргабаев менен Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов катышкан. Облустук оорукананын жетекчиси Кумарбек Ботокараевдин билдиришинче, перинаталдык борборго бюджеттен 220 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү.

Курулуш ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында бүтөрү болжолдонууда.

Автор: Т-Медиа > 354 статей