БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жалал-Абадга курула турган аэропорттун долбоору 400 млн долларды түзөт

Жалал-Абадга курула турган аэропорттун долбоору 400 млн долларды түзөт

Cүрөт: Турмуш

Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагына эл аралык аэропорт курулат. Ал үчүн 360 гектар жер ажыратылып берилди. Курулуш иштери 2025-жылдын жаз айында башталары айтылды. 

Кечээ, 29-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев аба майдан курулуучу аймакка барган. Анда ал инвестициянын көлөмү 400 млн доллардан ашканын айтып, жакында инвесторлор менен өкмөттүн ортосунда келишимге кол коюларын кошумчалаган. 

"Багыш жана Курманбек айыл аймагынан 360 гектар жер бөлүнгөн. Ал жерге Фергана өрөөнүндөгү эң чоң аэропорт курулат. Жакынкы күндөрү инвесторлор менен өкмөттүн ортосундагы келишимге кол коюлат. Ошонун негизинде долбоор жасалып, жазда курулуш иштери башталат", -дейт Ташиев.

Келишим боюнча аэропорт эки жылда бүтүш керек. Анын учуу тилкеси төрт чакырым болуп, жүргүнчү жана жүк ташуучу учактарды кабыл алууга ылайыкташтырылат.

Былтыр президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов эл аралык жаңы аэропорттор Ошко да, Жалал-Абадга да куруларын маалымдаган. Ал "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө соцтармактарда "Ош шаарына пландалган аэропорт Жалал-Абад шаарына салынмай болуптур, Ошко салынбай калыптыр" деген кабарлар чындыкка дал келбесин айткан. 

Автор: Осмонова Айдана > 645 статей