БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жапырт кармалган журналисттер эки айга камалды

Жапырт кармалган журналисттер эки айга камалды

Сүрөт: "Азаттык"

17-январдын кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту "Темиров LIVE" жана "Айт айт десе" долбоорлорунун азыркы жана мурдагы 11 кызматкерин эки айга камоо чечимин чыгарды. Алар 13-мартка чейин СИЗО-1де кармалат.

Кармалган журналисттер: "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, "Темиров LIVE" редакциясынын, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкерлери Сапар Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, "Темиров LIVE" редакциясынын мурдагы журналисти, учурда "Арча Медиада" иштеген Сайпидин Султаналиев, эркин журналист Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана "ПолитКлиниканын" журналисти Тыныстан Асыпбеков.

Ички иштер министрлиги аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен кылмыш иши козголду. Бирок журналисттер буга макул эмес. 

Кыргызстанда 16-январда эртең менен ондой журналисттин үйү тинтүүгө алынып, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка алып келинген. Ошол эле күнү кечинде алар  милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 257 статей