БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жарандык никедеги аялын урган деп шектелген жаран үч суткага камалды

Жарандык никедеги аялын урган деп шектелген жаран үч суткага камалды

Сүрөт: Ош ШИИБнын басма сөз кызматы

Ош шаарында жарандык никедеги аялына зомбулук көрсөттү делген 23 жаштагы шектүү шаардык соттун чечими менен үч суткага камакка алынды. Бул тууралуу 13-майда "Т-Медиага" Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады. 

Буга чейин Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 70-беренесинин (Үй бүлөлүк зомбулук) негизинде Ноокат районунун тургуну кармалып, 24 саатка камалган. Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда ортодогу жаңжал кызганычтан чыккан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жабырлануучу арыз жазуудан баш тарткандыгын, бирок окуя камерага түшүп калгандыктан милицияга катталганын кабарлаган. Жубайлар видеону тараткан жарандардардын үстүнөн арызданышкан.

Окуя Ош шаарындагы "Арча" сулуулук салонунун алдында 11-майга караган түнү болгон. Ал эми видео 12-майда социалдык тармактарда тараган. Анда алгач эркек киши кызды түртүп жыгытып, кийиминен ары-бери тарткылап, бети-башына, бөйрөк жагына урганын көрүүгө болот. Алардын жанына бир топ жигит келгенден кийин видео өчкөн.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей