БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 39 партия 5119 талапкерди көрсөттү. Тизме

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 39 партия 5119 талапкерди көрсөттү. Тизме

Т-Медиа

Борбордук шайлоо комиссиясы 33 шаардык кеңештин депутаттыгына 39 саясий партиядан талапкерлер катталганын билдирди. 

Жалпы калааларда 993 мандат бар. Ал орундарга 5119 талапкер көрсөтүлгөн. Анын 1838и аялдар. 
Эң көп – 9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргон шаарларында катышат.

Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчы шаарларында 8 партия талапкерлерин көрсөттү.

Айдаркен, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларында 3 партиядан катышуучулар бар. Башка шаарларда 4төн 8ге чейин партия ат салышат. 

Ушул жылдын 17-ноябрында Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөнү жатат. Себеби, быйыл өлкөдө административдик-аймактык чек аралар өзгөрүп, кээ бир аймактар биригип, айрымдары бөлүнгөн. Мындан улам жергиликтүү кеңештер да таркатылды.

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей